Пияз түптүү өсүмдүктөр (лат. Alliaceae) – Жер астында пияз түп байлоочу эки же көп жылдык өсүмдүктөр. П. т. ө-гө бир үлүштүү лилиялар, амаррапистер, чекилдектер тукумундагы өсүмдүктөргө кирет. Эки үлүштүү өсүмдүктөрдө аз, мисалы, кайчы гүлдүүлөрдө, чайырдууларда, чатырдууларда кездешет. П. т. ө. негизинен өрөөндө, бөксө жана бийик тоолордун кургак, таштак, күнөстүү жерлеринде таралган. П. т. ө-дүн ичинде эфемерлер, эфемероиддер көп. Алар жаанчыл жазда тез өсүп жетилип, гүлдөп, мөмөлөп бүтүп, куурап калат, жер астындагы пияз түптөрү өлбөй кийинки жылы андан жаңы өсүмдүк өсүп чыгат, алар уругу менен да көбөйүшөт. П. т. ө. Жер шарынын бардык бурчунда кеңири таралган. Көпчүлүгү кооздук, тамак-аш, дары катары кеңири айдалат. Алар гиацинт, лилиялар, чекилдектер, мандалактар жана башка

Allium ursinum L.

Колдонулган адабияттар түзөтүү