Плавт Тит Макций (латынча Titus Maccius Plautus б. з. ч. 3-кылымдын ортосу, Сарсина, Умбрия – 184-ж. чен, Рим) – байыркы римдик комедиограф. Плавттын 21 комедиясынын 20сы толук, бирөө үзүндү түрүндө бизге жеткен. Анын чыгармаларында салттуу сюжеттер, карнавал оюндары менен буффонада, клоунаданын, пантомиманын, жандуу диалогдун жана ариянын элементтери, карикатуралык жана гротекстик ыкмалар арбын. Плавттын комедиялары ширин элдик тили, шарттуу каймана ой жүгүртүүсү менен айырмаланат. Анын комедияларынын айрым сюжеттерин У. Шекспир, Ж. Мольер, К. Гальдони өз чыгармаларында пайдаланышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү