Планер (фр. planeur - калкуу) - абадан оор, моторсуз учуучу аппарат.

Планер.

Планердун кыймылы да самолёттун учуу мыйзамдарына негизделген.

Азыркы Планер орундарынын саны боюнча бир, эки жана көп орундуу, арналышы боюнча үйрөнүү, машыгуу жана рекорддук (сдорттук) болуи айырмаланат. Биринчи Планерду француз матросу Ж. Ле Бри 1866-ж. куруп сынаган. Азыркы Планердун негизги конструкциялык материалы катары дюралюминий жана айнек-пластик колдонулат. Планер түрдүү жолдор менен учурулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.