Планктон (грекче planktos – адашуучу) – суу терендигинде жашап, анын агымына туруштук бере албаган организмдер. Планктон тобуна өсүмдүкфитопланктондор жана жаныбар-зоопланктондор кирет. Ал бентос жана нектондон кескин айырмаланып турат. Көпчүлүгү вертикалдык миграцияга жөндөмдүү. Бул топко негизинен бактерия, өсүмдүк жана жаныбарлар кирет. Кээ бир чөйрөдө бактерия өзүнчө бактерия планктонун түзүүгө жөндөмдүү. Планктон тузсуз сууларда да кездешет. Фотосинтездөөчү Планктон күн нурун керектегендиктен, суунун үстүнө жакын 50-100 м тереңде жашайт. Деңиз жана тузсуз суу фитопланктонун диатом балырлары, көк жашыл, айрым жашыл балырлар ж. б. түзөт. Тузсуз сууда зоопланктондор - калак буттуулар, бурамалоочулар, деңиздеги рак сымалдар, көптөгөн жөнөкөйлөр, ичеги көңдөйлүүлөр, моллюскалар, балыктардын икрасы, личинкалары, омурткасыздардын личинкалары ж. б. көп болот. Тропиктеги океан сууларында Планктондун курамы өтө ар түрдүү келет. Планктондордун организмдеринин чоңдугу бир нече лгжден бир нече мге жетет. Цианея медузанын диаметри 2 мге, тинтүүрлөрү менен 30 мге жетет. Фитопланктон менен көпчүлүк жаныбарлар азыктанышат. Планктон суу жаныбарларына жем, айрымдарынын (креветка, мидиялар) промыселдик мааниси өтө чоң.

зоопланктон.
Фитопланктон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү