Плантация – 1) техникалык жана маданий өсүмдүктөрдү өстүргөн ири дыйканчылык чарбасы. Анда жалданма жумушчу күчүн жана айыл-чарба техникаларын колдонуп маданий өсүмдүктөр өстүрүлөт, жыйналат, беленделип, сатыкка чыгарылат. Көбүнчө тропик жана субтропиктик аймактарда (кофе, чай, бал камыш, пальма майы, каучук, банан, какао ж. б.), жайылган; 2) айыл-чарба өсүмдүктөрү өстүрүлгөн чон аянт (мисалы, кызылча Плантациясы, чай Плантациясы) ж. б.

Малайзиядагы чай плантациясы.

Плантация ээсин - плантатор деп аташат.

Тарыхы түзөтүү

XIX кылымда өнүккөн Европа өлкөлөрүнүн Азияда жана Африкада колонияларынын пайда болушу менен плантациялар ачыла баштаган. Плантация ээлери көбүнчө чет өлкөлүктөр болушкан жана алар коомдун жогорку катмарындагы адамдары болушса, анда иштеген адамдары төмөнкү катмардан орун алышкан. XIX кылымга чейин плантацияда иштегендер кулдар болчу.

АКШ өзүнүн ири плантациялары жана көп сандагы товарды өндүрүп чыгарганы менен белгилүү болчу. Кара түстөгү негрлерди Африкадан алып келишип, көбүнчө түштүк штаттарда иштетишкен жана аларга жаныбарлардай мамиле жасашкан. Пахта, кант тросниги, тамеки жана жүгөрү плантациялары көп болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү