Пластика (грекче plastike – чаптоо) – көркөм сүрөт искусствосунда – 1) жумшак материалдардан скульптураны жасоо техникасы же чыгармалар жыйындысы, к. Жабыштырып жасоо макаласын; кеңейтилген мааниде скульптураны түшүндүрөт. 2) П. графика, живопись, скульптуралык чыгармаларда көлөмдүү моделдөөнүн конкреттүү жетишкендиктери жана өзгөчөлүктөрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү