Үңкүр жөнүндө уламыш — ой-пикирлер (идеялар) жөнүндөгү өзүнүн окуусун түшүндүрүү үчүн "Мамлекет" диалогунун 7-китебинде Платон колдонгон атактуу аллегория. Платонизмдин жана жалпы объективдүү идеализмдин эң негизги өзөгү болуп саналат. Сократ жана Платондун бир тууган агасы Главкон ортосундагы маек формасында берилген.

Платондун үңкүрү

«Үңкүр жөнүндө уламыш»Платондун «Мамлекет» аттуу чыгармасында эскерилген атактуу аллегориясы. Белгилүү болгондой, Сократ чогуу маектешип отургандарды бир ой чабытка катышуусун суранат. Мында көз алдындагы чындык үңкүр ичинде отургансып, анын ичи бозомтук, күңүрт бир көшөгөдөй эле элестетилиши керек. Үңкүрдөгү кишилер колу буту байланып, башы мойнун ары-бери жылдыра алышпайт, сырттан кирген жарыкка аркасы менен отуруп, алдындагы дубалды гана көрө алышат. Алар сыртта өтүп бара жаткан кишилердин, айлана-чөйрөдө болуп жаткан кубулуштардын көлөкөлөрүн ушул элес-булас көшөгөдө гана көрүшөт. Ошондо, үңкүрдөгүлөрдүн бирөөсү кокустан сыртка чыгып, чыныгы дүйнөнү көргөндө, ага даяр эмес, абдырап, жарыктын күчүнө, чындыктын кереметтерине таң калат деп айткан. Андан соң, аңгемечи угуп жаткандардан сурайт – үңкүрдүн туткунунан кутулуп чыккан киши ал жакта калып калгандарга чыныгы дүйнөнүн болгондугун айтып бериши, а түгүл аларды куткарып, аларды чындыкка карай жолго алып чыгышы керекпи?