Плеохроизм (грекче pleon – көптөгөн жана chroa – жарык) – анизотроптук тулкуларда нурдун таралуу касиети. Мисалы, анизотроптук касиеттеги минералды күндүзгү жарык менен микроскоптон караганда анын бетинде нур бирдей тарабагандыктан, ар түстө кубулуп көрүнөт. Плеохроизм затка сиңген спектр нурунан ар кандай багыттуулугу жана полярлануучулугу менен айырмаланат. Плеохроизмдун бир түрү дихроизм деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү