Подшипник - валдын же октун таяныч бөлүгү. Ал валдан (октун) радиустук, октук жана радиустук-октук күчтөрдү кабыл алып, валдын (октун) Подшипникте айлануусуна мүмкүндүк берет. Подшипник – машина, механизм, прибор ж. б. түзүлүштөрдө кеңири колдонулуучу тетик. Подшипник иштөө принциби боюнча жылмышып сүрүлмө жана томолонуп сүрүлмө болуп айырмаланат. Жылмышып сүрүлмөдө вал Подшипниктин таяныч бөлүгүндө айланат. Таяныч бөлүгү цилиндр, конус, шар формасында болот да кургак (майлоосуз), чала майланып же толук майланып, сүрүлүү шартында иштейт. Жылмышып сүрүлмө Подшипниктин эң жөнөкөйү - машинанын корпусунда жасалган көзөнөк. Ал көзөнөккө көбүнчө антифрикциялык материалдардан жасалган алкактар кийгизилет. Томолонуп сүрүлмө Подшипник ички, сырткы алкактардан, томолонуп айлануучу нереелерден (шарик же ролик), сепаратордон (томолонуучу нерселерди бир биринен белгилүү аралыкта кармап туруучу тетик) турат. Томолонуп сүрүлмө Подшипник кабыл алган күчтөрдүн багытына жараша радиустук, радиустук-таянычтуу жана таянычтуу болуп айырмаланат. Томолонуучу нерселердин жана алкактардын жумушчу беттеринин формасына жараша шариктүү, шарик-сфералуу, цилиндрлүү ролик (роликтүү жана буралган роликтүү, конус формасындагы роликтүү, ролик-сфералуу ж. б.) формада болот. Томолонуучу нерселердин канча катар жайгашуусуна карата бир, эки, көп катарлуу; тактык даражасы боюнча жөнөкөйлөтүлгөн, нормалдуу, жог., өтө жог. тактыктагы (прецизиялуу) ж. б. Подшипник болуп айырмаланат. Подшипниктин валга сүрүлүшүн азайтуу үчүн алардын ортосу майланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү