Полиартрит (поли... жана грекче arthron – муун) – муундардын бир учурда же улам бирөөнүн сезгенүүсү. Ал инфекциядан же муундагы зат алмашуу бузулгандан пайда болот. Белгилери: муундар ооруп кызарат, шишийт, деформацияланат, функциясы бузулат ж. б. Катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Пайда болушуна жараша инфекциялык, дистрофиялык, башка оорулар менен байланыштуу Полиартрит болуп бөлүнөт. Инфекциялык Полиартритке ревматизм (кызыл жүгүрүк) кирет. Полиартритке зат алмашуунун бузулушу, сепсис, подагра, кызыл жүгүрүк, уулануу да түрткү берет. Анкилоздуу Полиартрит, спондилоартрит ж. б. түрлөрүндө муун кабыгында, кемирчекте, сөөктө, байламталарда өзгөрүүлөр болот. Дарылоо себебине жараша жүргүзүлүп, антибиотиктер, гормон дарылары, сезгенүүгө каршы, ооруну басандатуучу дарылар, физиотерапия, хирург. жол сунушталат. Полиартриттин алдын алуу үчүн эмгек жана тиричилик шартын жакшыртуу, эмгекти коргоо, кесип ооруларын пайда кылуучу шарттарга жол бербөө, турак жай, кийим гигиенасын сактоо ж. б. чаралар көрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү