Полиглот (грек. πολυ- «көп» жана γλώττα «тил») — көп тил билген адам.

Италиялык кардинал Джузеппе Меццофанти, (1774—1849) – дүйнөгө таанымал полиглоттордун бири. Ал өзү жашап жаткан доордо эч качан Италиядан тыш жерге чыкпаса да, 38 тилде бирдей деңгээлде сүйлөп, ар түрдүү тилдердин элүү чакты диалектиси менен тааныш болгон.

Мындан тышкары, көрүнүктүү полиглотторго Антоний Грабовскийди, чыгыш таануучу Армин Вамберини, эсперанто тилин негиздөөчү Людовик Л. Заменгофту, археолог Генрих Шлиманды жана Рим Папасы Иоанн Павел IIни кошууга болот.

Белгилүү полиглоттор түзөтүү

  • Энтони Бёржес – англис жазуучусу жана адабият таануучусу. Жети тилде эркин сүйлөп, дагы беш тилди түшүнө билген.
  • Ричард Фрэнсис Бёртон – британ саякатчысы, жазуучу, акын, котормочу, этнограф, лингвист, дипломат. Айрым маалыматтарга караганда ар түрдүү тил үй-бүлөлөрүнө таандык 29 тилде сүйлөй алган.
  • Иштван Даби – мажар жазуучусу жана котормочусу. 103 тилден тексттерди которо билген.
  • Иоанн Павел II — Рим Папасы. 10 тилде эркин сүйлөп, дагы бир нече тилдерди түшүнгөн.
  • Александра Михайловна Коллонтай — орус революционери, феминистка, публицист, дипломат. Англис, немис, француз, швед, норвег, фин ж.б. чет тилдерди билген.
  • Като Ломб – котормочу, жазуучу. Дүйнөдөгү алгачкы синхрондук котормочулардын бири. 16 тил билген.
  • Евгений Дмитриевич Поливанов — советтик лингвист, чыгыш таануучу, адабият таануучу. Эң кеминде 18 тил билген.
  • Расмус Кристиан Раск — даниялык лингвист. Скандинавиялык, герман, түрк, осетин жана грузин тил топторун изилдеген. Тилди изилдөөнүн жаңы усулун негиздеген. Ар бир жаңы тилди 6 жуманын ичинде үйрөнүү менен, 200дөн ашык тилди билген.
  • Старостин Сергей Анатольевич — орус лингвисти. Кырктай тил билген.
  • Никола Тесла — дүйнөгө таанымал серб физиги. 8 тил билген.
  • Пьер Ферма — француз математиги, аналитикалык геометрияны негиздөөчүлөрдүн бири.


Караңыз түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү