Поликонденсация (поли... жана латынча condensation – коюулануу) – биже полифункциялуу бирикмелерден (мономерлерден) полимерди алуу процесси. Мында полимер менен бирге төмөнкү молекулалуу бирикмелер (суу, туз кислотасы, аммиак, спирттер ж. б.) да бөлүнүп чыгат. Поликонденсация реакциясы гомополиконденсация жана гетерополиконденсация болуп бөлүнөт. Гомополиконденсацияда реакцияга бир түрдүү мономердин функциялык топтору реакцияга кирсе, гетерополиконденсацияда эң кеминде экиден кем эмес түрдүү мономерлер реакцияга катышат. Бифункциялуу мономерлердин Поликонденсациясынан түз тизмектүү макромолекулалар пайда болот. Реакцияга кирүүчү мономерлердин 3 же андан көп функциялык топтору болсо, анда үч эсе түзүлүштүү полимерлер алынат. Поликонденсация реакциясынын техникада жана табиятта мааниси чоң. Табиятта кезигүүчү белок, нуклеин кислоталары, целлюлоза ж. б. заттардын биосинтези Поликонденсация реакциясына негизделген. Ал эми өнөр-жай Поликонденсация реакциялары полиэфирлерди, полиамиддерди, фенолформальдегид жана мочевина-формальдегид чайырларын алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү