Полтава - Украинадагы шаар. Полтава областынын административдик борбору. Өлкөнүн түндүк-чыгышында, Вороскла дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 319,0 миң (2010). Жолдор тоому. «Полтава автоагрегат заводу» ААК, «КБ Аэрокоптёр аспаптар» ЖЧК (жеңил вертолёттор жана өтө жеңил самолёттор чыгарылат), газ разряддуу лампалар, турбомехника, жасалма алмаз өндүрүү, алмаздуу аспаптар, медицина айнектерин, фарфор чыгаруучу заводдор, жеңил (кебез-кездеме, трикотаж, бут-кийим ж. б.), тамак-аш өнөр жай ишканалары, музыкалык аспаптар фабрикасы ж. б. иштейт. Он эки жогорку окуу жай, колледждер, техникумдар, 2 театр, 6 музей (анын ичинде «Полтава салгылашуу талаасы» музей-коругу, сүрөт, В. Г. Короленконун, И. П. Котляревскийдин адабий-мемориалдык), Полтава катакомбасы бар.

Полтава.

Орус жыл баяндарында 1174-жылдан «Лтава» деген ат менен (1430-жылга чейин ушундай аталган) белгилүү. 1569-жылдан Польшанын, 1654-жылдан Россиянын курамында болгон. 1709-жылы апрель–июндагы Түндүк согушта полковник A. С. Келендин командачылыгы астында Карл XII жетектеген швед армиясынын курчоосуна Полтава гарнизон катары туруштук берген. Собор монастры менен (17–18-кылым), классицизм стилиндеги борбор ансамбли (19-кылымдын башы), Полтава салгылашуусуна (1709) арналып тургузулган «Даңк» монументи (1811), храмдар, чиркөөлөр ж. б. сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү