Полярографиялык анализ — тынымсыз жаныланып туруучу сымап электродунда иондор (заттар) калыбына келишине негизделген электр-хим. анализ. П. а. методу 1922-ж. Я. Гейровский тарабынан сунуш кылынган. Метод зат концентрациясына түз пропорцияналдуу болгон чектүү диффузия-лык токту (1а) аныктоого негизделген. Чектүү ток мааниси полярограмма деп аталган, ток күчүнүн (I) электродго таасир эткен электрдик чыңалууга (Е) болгон көз карандылыгы ийри сызыгынан аныкталат.

Поляграфиялык толкун бийиктиги (h) зат концентрациясына пропорциялаш болот. Полярографиялык толкун ортосуна (id/2) туура келген потенциал жарым толкун потенциалы (j1/2 )деп аталат. П. а. полярографта жүргүзүлөт. Полярографиялык метод жардамы менен реактивде, куймаларда, кендерде металл кошундулары (жез, цинк, кадмий, коргошун жана башка) аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү