Португал тилипортугалдар менен бразилиялыктардын тили. Роман тилдеринин ибер-роман тобуна кирет. Португалия, Бразилия, Африка (Ангола, Мозамбик, Гвинея-Бисау, Кабо-Верде, Сан-Томе жана Принсипи) жана Азияга (Чыгыш Тимор) тараган. Адабий тили 16-кылымда калыптанып, Бразилияга таралып, 19-кылымда жергиликтүү индей тилдерин дээрлик сүрүп чыгарган. Бул тилдин португал жана бразилия тилдери деген эки варианты бар. Айырмасы фонетика менен лексикада. Португалиядагы португал тили 3 диалектиден турат. Жазмасы латын графикасынын негизинде түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү