Потёмкин, Григорий Александрович

Потёмкин, Григорий Александрович (13(24). 9. 1739 - 5(16). 10. 1791, Яссы шаарынын району) - орус мамлекеттик жана аскер ишмери, дипломат, генерал-фельдмаршал (1784).

Каныша Екатерина IIнин сүймөнчүгү.

Орус-түрк согушунун (1768-74) катышуучусу жана 1787-91-жылдардаты орус-түрк согушунда орус аскеринин башкы кол башчысы, Потёмкиндин иш аракети крепостнойлук мамлекетти жана Россиянын эл аралык абалын бекемдөөгө жардам берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.