Поянху (Poyang Hu) – Кытайдын чыгышындагы тузсуз көл. Янцзы дарыясынын он тарабында. Өлчөмү жана тереңдиги мезгилге жараша өзгөрүп турат; аянты 2,7ден (кышында) 5,0 миң км2ге (жайында) чейин, тереңдиги бир нече мден 20 мге чейин. Негизги куймасы – Ганьцзян. Янцзы дарыясы менен кыска суу айрыгы аркылуу туташып, анын агымын жөнгө салып турат. Көлдү 120 түрдүү балык (анын ичинде доңуз дельфини) жана 0,5 млнго жакын келгин куштар байырлайт. Акыркы жылдардагы көлгө таасир эткен табигый (кургакчылык) жана антропогендик (таманынан кум казуу, кеме жүрүү ж. б.) факторлордон Поянхунун деңгээли кыйла төмөндөп, экосистемасы бузулууда. Соолуп калуу коркунучунда турат.

Поянху.

Колдонулган адабияттар түзөтүү