Прагматика (грек. pragma – иш, аракет) – тил илиминин жана семантиканын тилдик белгилердин кептеги функцияларын иликтөөчү бөлүмү.

Прагматика үч мааниде колдонулган:

  • 1) семантика – белгилердин объектиге болгон карым-катышын, мамилесин иликтейт; * 2) синтактика - белгилердин арасындагы мамилелерди иликтейт;
  • 3) прагматика – белгилердин айтуучуга (сүйлөөчүгө) болгон таасирин изилдейт.

Лингвистикалык прагматика сүйлөп жаткан субъектиге, адресатка (угуучуга), субъект менен адресаттын карым-катнаш жасоодогу өз ара иш-аракеттерине, пикир алышуунун кырдаалына байланыштуу болгон суроолордун комплексин иликтейт.

I. Кептин субъекти менен болгон байланышында:

  • 1) сүйлөмдүн ачык жана көмүскө максатын, мисалы, айрым бир информацияны же пикирди билдирүү, суроо, буйрук, өтүнүч, кеңеш, кечирим суроо, кубаттоо, даттануу ж.б.
  • 2) Кептин тактикасы жана кептик аракеттин тиби;
  • 3) сүйлөшүүнүн эрежеси, сүйлөшүүнүн максатына жана багытына ылайык кептик карым-катнашты уюштуруу;
  • 4) сүйлөөчүнүн установкасы же айтымдын прагматикалык мааниси: айтымдын кыйыр мааниси, ишарат кылуу, каймана айтуу ж.б.;
  • 5) айтуучунун референциясы, б.а. тилдик-кептик билдирүүнүн чындыкка болгон карым-катышы;
  • 6) пресуппозициянын прагматикасы: айтуучунун айтылып жаткандарга карата баасы, маалымдуулугу, кызыкчылыгы, пикири жана көзкарашы, психологиялык ал-абалы, адресаттын түшүнүү жөндөмдүүлүгү, мүнөзүнүн өзгөчөлүгү;
  • 7) айтуучунун өзү айтып жаткандарга болгон мамилеси изилденет.

II. Кептин адресаты менен болгон байланышында:

  • 1) кептин интерпретациясы;
  • 2) айтылып жаткандардын адресатка тийгизген таасири: эмоционалдык абалынын, көзкарашынын, аракетинин өзгөрүшү;
  • 3) алынган стимулга карата кептик реакция изилденет.

III. Коммуникацияга катышып жаткандардын мамилелерине байланыштуу:

  • 1) кептик пикир алышуунун формалары (информациялык маек, достук аңгемелешүү, талаш-тартыш, чатакташуу ж.б.;
  • 2) кептин социалдык-этикалык жагы (кайрылуунун формалары, пикир алышуунун стили);
  • 3) пикир алышууга (сүйлөшүүгө) катышып жаткандардын тигил же бул кеп актыларындагы катыштык абалы иликтенет.

IV. Пикир алышуунун кырдаалына байланыштуу:

  • 1) дейксистик белгилердин интерпретациясы ("анан", "эметип", "минтип", "мында", ж.б.);
  • 2) кептик кырдаалдын тематикага жана пикир алышуунун формасына таасир этиши (мейманда, тойдо, ооруканада, сабакта, адвокатта ж.б. сүйлөшүүлөрдүн типтүү темаларын жана формаларын) изилдөөгө алынат.

Прагматика, мындан сырткары, адамдын ишмердүүлүгүнүн жалпы теориясындагы кепти да иликтейт. Прагматика өзүнүн тарыхый өнүгүүсүндө риторика менен стилистиканын, коммуникативдик синтаксистин, социолингвистиканын, психолингвистиканын ж.б. маселелерин да изилдөөгө катышып келе жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4