Пракрити (санскриптчеден жаратылыш)–жаратылыштын материалдуу негизи. Ал дайыма өзгөрүлүп, кыймылдап жана өнүгүп турат. Көпчүлүк учурда пракрити «бүгүн көргөн эртең жок» оомалуу-төкмөлүү жалган дүйнө катары элестетилет. Анткени материалдуу дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок.
Ошол себептен пракрити дүйнөлүк аң-сезим, дүйнөлүк рух болуп саналган, ошондой эле эч качан өзгөрбөй турган пурушага карама-каршы түшүнүк болуп саналат. Пракрити менен пуруша бири-бирине карама-каршы коюлган принциптер, бирок, экөө бириккенде гана дүйнөнүн эволюциясы болуп турат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү