Предикат (латын тилинен келген praedicatum – баяндооч) – традициялуу логикада ой толгоонун эки термининин бири.

Предикат сөздүн предметин (субъектти) чагылдырат. 19-кылымдын аягына чейин логика илиминде ой жүгүртүүнүн субъектиси эреже катары грамматикалык ээ (подлежащее) менен тең маанилештирилсе, Предикат сын атооч формасындагы грамматикалык баяндооч катары колдонулган. Ошентип, баяндоочтун формасы атрибуттук байланыш менен чектелген, б. а. предметке (субъектке) мүнөздүү кандайдыр бир белгини чагылдырган. Математикалык логиканын өнүгүшү мындай көз карашты кайра карап чыгууга мажбур кылган.

Жаңы көз караш логикалык (же пропозиционалдуу) функция деп аталган өзгөчө түрдөгү функциянын негизинде предикат түшүнүгүн жалпылоо менен мүнөздөлөт. Мындай функциялардын маанисин айтылган сөздөр (же алардын чыныгы маанилери – «акыйкат» жана «жалгандык») түзөт. Мисалы, «Сократ адам болуп эсептелет» деп айтылган сөзгө традициалуу түшүнүмдө «S нерсеси P нерсеси болуп эсептелет» деген схемага дал келген. Эгерде S нерсеси менен P нерсесин ар кандай маанилерге ээ (S – “жеке нерселердин” чөйрөсү, ал эми P – “түшүнүктөрдүн” чөйрөсү) өзгөрмө чоңдук катары каралса, анда, айталык “адам” түшүнүгүнүн ордуна Р өзгөрмө чоңдугун колдонуп, “S адам болуп эсептелет” же “...адам болуп эсептелет” (мында чекиттер S тамгасынын ордуна колдонулду) деген сөз айтылышын алабыз.

Башкача айтканда сөз айтылышынын ордуна S, Р, чекиттер өңдүү өзгөрмө чоңдуктарды коюу аркылуу биз аргументтүү функцияны алабыз. Айтсак, “... нерсеси... нерсесине караганда чоң” деген сөз айтылышы эки өзгөрмө чоңдуктун ортосундагы, ал эми “... нерсеси ... нерсеси менен ... нерсесинин ортосунда жайгашкан” деген сөз айтылышы үч өзгөрмө чоңдуктун функциясын аткарат.

Математикалык логикада функциянын маанисин сөз айтымдары (же алардын “акыйкаттык” жана “жалгандык” сыяктуу чыныгы маанилери) түзсө, анда аларды предикат деп аташат. Ошентип, ой толгоонун логикалык структурасын болгон азыркы көз карашында предикат менен субъекттин традициалуу түшүнүктөрү функция жана анын аргументтери өңдүү математикалык так түшүнүктөр менен алмаштырылат. Ушуга ылайык предикат элементтери аргументтик же өзгөрмөлүү чоңдуктун кызматын аткарган көптүктөр (нерселердин чөйрөлөрү) менен аныкталат. Предикаттын жаңыча аныктамасы силлогисттик жана силлогисттик эмес ой корутундуларын бириктирип, логикалык ой толгоого зарыл болгон жалпылыкты берет. Ал эми предикатты жазуунун функционалдуу формасы каалагандай илимий теориядагы сөз айтымдарын формализациалоого кеңири мүмкүндүктөрдү берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү