Прерафаэлиттер – XIX кылымдын ортосундагы англис живописиндеги романтикалык-стилизатордук агымдын сүрөтчүлөрү. 40-жылдардын аягында пайда болгон «Прерафаэлиттер боордоштугу» (буларга Данте Габриэль Россетти, Гольман Гент, Джон Миллес жана башка кирген) Рафаэлге чейинки көркөм искусствону, башкача айтканда негизинен италиялык кватрочентонун көркөм искусствосун кайра жаратууну өз алдына максат кылып койгон. П. негизги өзгөчөлүгү болуп алардын аруу динчилдиги жана нравалык тазалыгы эсептелген. П. XV кылымдын чеберлерин туурап, заманбап живописке ушул сапаттарды киргизүү аракеттери ийгиликсиз болгон; алардын чыгармаларынын көпчүлүгү өзүнүн баёолугу менен ачык стилизатордук манердүүлүк мүнөздө болгон; 50–60-жылдардагы прерафаэлитизмде кээ бир жемиштүү изденүүлөр өкүм сүргөн, алар көркөм искусство жайды жаңыртуу аракеттери жана анда элдик традицияларды (Уильям Моррис) жандандыруу эле. Андан ары П. ачык эле модернизм менен мистикага багыт алган жана бул Берн Джонстун чыгармаларында өзгөчө айтылган. П-дин алгачкы баскычында П. принциптерин белгилүү теоретик Дж. Рескин коргоп чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү