Прерия - Түндүк Америкадагы ксерофиттик өсүмдүктөргө бай талаа. П-нын аянты абдан чоң. Ал Түндүк Американын борборунан Мексика тайпак тоолоруна чейин созулуп жатат. П-да түндүктөн түштүккө карай жаан чачындын азайышы менен абанын темп-расы алмашып турат. Ошондуктан П-нын түндүгүндө чөп өсүмдүктөрүнүн түрдүк курамы ар түрдүү, Түндүк Америка П-нын Европанын чыгышындагы талаалардан айырмасы Мексика аркылуу Борбордук Американын субтропик райондору менен байланышкандыктан чөп өсүмдүктөрүнүн курамдык бөлүгүн тропиктик уруулардын өкүлдөрү түзөт. П-нын чегинде алардын областтарын чыгыштан батышка карай, чыныгы бийик чөптүү бийик жана жапыс өсүүчү чөп өсүмдүктүү П.; жапыс өсүүчү чөп өсүмдүктүү П. деп үч зонага бөлүүгө болот. Биринчи зона ар кандай чөп өсүмдүктөрүнүн түрлөрү бай, ал эми калган зоналарда чөп өсүмдүктөрүнүн түрү азайат.

Прерия (Небраска).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4