Пржевальск пристаныЫсык-Көл областындагы кыштак. 1944–2012-жылдары шаарча. 2012-жылдан Каракол шаарынын курамына кирет. Ысык-Көлдүн чыгыш жээгиндеги порт. Деңиз деңгээлинен 1650 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол шаарынан 12 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан автомобиль жолу боюнча 206 км, суу жолу менен 184 км аралыкта. Калкы 3,0 миң (2010). Кыргыз, орус, украин, татар, өзбек, казак, уйгур, дуңган, тажик ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Эмгекке жарамдуу калкы транспортто, байланышта, тейлөө чөйрөсүндө, соодада ж. б. тармактарда эмгектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, маданият үйү, клуб, оорукана, дарыкана, почта бөлүмү, Каракол тарыхый-жер таануу музейинин филиалы, Пржевальск пристанына жакын жерде Н. М. Пржевальскийдин мүрзө-эстелиги жана мемориал комплекси бар. «Улан» заводу, турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода мекемелери иштейт. Портко Балыкчыдан көмүр, курулуш материалдары ж. б. жүктөр ташылып келинет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү