Принципат (латынча princeps – биринчи, башчы) – Байыркы Римде алгачкы империянын тушундагы (биздин заманга чейинки 27 – биздин замандын 193) монархиянын өзгөчө формасы. Анда айрым республика мекемелер өзүнчөлүгүн формалдуу сактап, ал эми император принцепс деп аталган. Принципат системасы Августтун тушунда калыптанып, ал жана анын мураскерлери жогорку жарандык жана аскердик бийликти өз колуна алышкан. Ал эми чыныгы бийлик императордук бюрократтык аппараттын колунда болуп, алардын штаты жана иштөө сферасы улам кеңип турган. [[Категория: Терминдер жана түшүнүктөр]

Колдонулган адабияттар түзөтүү