ПрипятьБеларуссия менен Украинадагы дарыя, Днепрдин оң куймасы. Узундугу 761 км, алабынын аянты 114,3 миң км2. Полесье ойдуңу аркылуу агып, Киев суу сактагычына куят. Негизги куймалары: Стырь, Горынь, Уборть, Уж. (оң), Ясельда, Случь, Птичь (сол). орточо чыгымы 448 м3/сек. Декабрдын ортосунан марттын аягына чейин муз тоңот. Чатынан 591 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Балык кармалат. Днепр-Буг каналы аркылуу Висланын алабы, Огинский каналы аркылуу (азыр иштебейт) Немандын алабы менен туташат. Боюнда Пинск, Петриков, Мозырь, Наровля, Чернобыль шаары жайгашкан.

Припять.

Колдонулган адабияттар түзөтүү