Провинция

  1. айрым өлкөлөрдөгү (Нидерланд, Бельгия ж. б.) административдик-аймактык бирдик. Көпчүлүк өлкөлөрдө провинциялар анча чоң эмес аймакты ээлеп, шайлоого катышпайт. Айрым учурда тескерисинче провинция маанилүү автономия укугу менен теңдеш болуп, ири аянтты камтып, шайлоого укуктуу;
  2. тарыхый калыптанган аймактык бирдик. Мисалы, Франция, Италия ж. б. өлкөлөрдөгү тарыхый провинциялар. Байыркы Римде провинция деп чет жактагы ээликтер аталган;
  3. түрдүү илим тармактарында (география, геология, зоология, ботаника ж. б.) колдонулуучу административдик-аймактык райондоштуруу да провинция деп аталат. Физикалык-географиялык провинция – табигый аймактын бир бөлүгү. Ал рельефтин жана климаттын морфоструктуралык өзгөчөлүктөрүнө жараша, тоолордо – бийиктик алкактуулук боюнча бөлүнөт. Теңир-Тоодо 11 физикалык-географиялык провинция бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү