Прогностика (гр. pr6gnosis - алдын ала көрө билүү, алдын ала айтуу) - кеңири мааниде - прогноздоонун теориясы жана практикасы; тар мааниде - прогнозду иштеп чыгуудагы мыйзамдар жана ыкмалар жөнүндөгү илим.

«Прогностика» термини 1960-ж. пайда болгон. Прогностиканын жалпы методол. негизи К. Маркстын, Ф. Энгельстин, В. И. Лениндин эмгектеринде көрсөтүлгөн.

Прогностикалык изилдөөлөрдүн өнүгүшүнүн башталыш табият илимдерине таандык. Прогностиканын негизги маселеси - прогнозду иштеп чыгуу ыкмасын жана техникасын натыйжалуу жогорулатуу макеатында прогноздоонун атайы методологиясын өнүктүрүү.

Прогностика жалпы (же теориялык) жана жеке тармактык (же колдонмо) болуп бөлүнөт. Прогностика улам өнүгүү процессинде. Анын өнүгүшү прогноздоо ыкмасын жакшыртууда негизги ролду ойнойт. Бирок Прогностиканын кеп маселеси азырынча начар иштелип чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.