Профессор Хесаби دکتر حسابی түзөтүү

Профессор Сейид Махмуд Хесаби адабият жана искусство тармагындагы белгилүү илимий ишмер. Ал биология, математика астрономия сыяктуу гуманитардык илимдерди мыкты өздөштүргөн. Дүйнө жүзүндө мындай илимдүү билимдүү адамдын эмгеги жана жөндөмү жөнүндө укпаган илимпоз болбосо керек.

Өмүр баяны түзөтүү

Сейид Махмуд Хесаби 1902-жылы Тегеран шаарында төрөлгөн. Ал төрт жашка чыкканда атасы, апасы жана анын агасы Шамы шаарына көчүп кетүүнү чечишет, ал жети жашка чыкканда бөтөн жерге келип жакырчылыктан кыйналган даанышман, француз попторунун мектебинен окуп баштайт. Ошону менен бирге ал өзүнүн билимдүү жана динге терең ишенген апасы Гохаршад Хесабиден диний билим алып, фарсы адабиятын терең өздөштүрө баштайт. Жаш талант Куранды жатка билип, ага чын дили менен ишенген. Хафиздин ырлар жыйнагын толугу менен окуп, Саадинин “Гүлстан” жана “Бустан” китептерин, Фирдоусинин “Шахнамэсин” Муловинин “Маснависин”, Каима Макаманын “Мооншат” китептерин берилип жан дили менен окуган. Ошентип, Биринчи Дүйнөлүк согуштун башында француз мектеби жабылып калгандан кийин, Бейруттагы орто мектепке кирет. Ошентип ал жерде эки жыл окуган соң, окуусун улантуу максатында Бейруттагы америкалык коледжке тапшырат. 17 жаш курагында ал адабият факультетин жана 19 жашында биологиялык факультетин ийгиликтүү аяктайт. Андан соң инженер-куруучу кесипке ээ болот. Ошол убактарда жол куруу жана курулуш долбоорлордун үстүндө эмгектенүү менен үй-бүлөсүн бакканга каражат таап турат. Хесаби медицина, математика жана астрономия тармактарында да академиялык билим алат. Хесаби иштеген Француз жол куруу компаниясы жаш даанышмандын талантына баа берип, анын окуусун улантуу үчүн Францияга жөнөтүшөт. Ошентип 1924-жылы Жогорку электротехникалык училищеге тапшырып, 1925-жылы ийгиликтүү аяктайт. Франциядагы тоо кен факультетинде окуп жүрүп, ал ошол эле мамлекеттеги электр темир жолу ишканасында да эмгектенет, андан соң өзүнүн ишмердүүлүгүн Франциядагы Саар областындагы темир жана кен байлыктарды чыгаруучу ишканада улантат. Ал 1927-жылы 25 жашында “Фотоэлектрдик клеткалардын сезимталдуулугу” аттуу доктордук илимий ишин жактайт. Профессор Хесаби Трандын салттык жана батыштын классикалык музыкасын мыкты билген. Андан тышкары сууда сүзүү, суу куткаруучу тармактарында да бир нече спорттук жетишкендиктерди алып, айтылган тармактарда димломго да ээ болот.

Илимий иштери жана ишмердиги түзөтүү

Ал илимий изилдөө иштерин чет мамлекеттерде жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп турса да мекенге болгон сүйүүсү артып өз мекенине талыкпай кызмат кылып, иран жаштарын жаңы илимдер менен тааныштырууну дегдеп алтын топурагы Иранга кайтып келет. Жаш даанышман жаңы илимдерди түптөп, ондогон китеп жана трактаттарды жаратуу менен бирге жаңы инженерия жана физика кафдерасын түптөп, Ирандагы жаңы инженерия иштери жана физика илиминин түптөөчүсү деп таанылат. Анын баа жеткис илимий эмгектери деп - анын заманбап илимдерди таратууда, чет элдик терминдерге ага ылайыктуу фарсы тилиндеги терминдерди таабууда, көптөгөн адистештирилген илимий изилдөө борборлорун ачууда, Парсы булуңунун портунун жээгиндеги эң алгачкы жол картасын түзүүдө, алгачкы метеорологиялык станцияны ачууда, Ирандагы алгачкы радиобиологиялык аппараттын тургузуп, аны колдонуу, Тегеран университетин жана техникалык университетин куруу мыйзамын чыгаруу сунушу, Тегеран университетинде атом раекторлору боюнча илимий изилдөө борборлорун ачуу, ирандагы алгачкы заманбап обсерваториясын ачуу сыяктуу 70 жылдык илимий иштерин айтууга болот.

Эмгектери жана ачылыштары түзөтүү

  • Профессор Хесабинин төмөнкү эмгектерин жана ачылыштарын айтууга болот:
  • Ирандагы эң алгачкы радио кабылдагычты ойлоп табуу,
  • Иран убактысын расмий түрдө аныктоо,
  • Университетте акустикалык департаменттин ачып, илимий метод менен иран музыкасынын гаммалар аралык алыстыгын аныктоо,
  • Спутнктерди көзөмөлдөө боюнча заманбап борборун ачуу,
  • Ирандагы заманбап жол куруу негизин түптөө,
  • Иран көчмөндөрү үчүн эң алгачкы мектебин ачуу,
  • Тегеран университетинде оптикалык линзаларды чыгаруудагы прикладдык борбор ачуу,
  • Эң алгачкы жеке бейтапкана ачуу,
  • Фарсы тили боюнча Иран илимдер академиясында катышуу,
  • Баштапкы жана орто мектептер үчүн жаң окуу системасын пландаштыруу жана аны киргизүү,
  • Тегеран университетинде геофизикалык институтун түптөө жана алгачкы сейсмологиялык борборду ачуу,
  • Иран музыкалык чөйрөсүн жана музыкалык изилдөөлөрдү изилдөө борборун түптөө,
  • Ирандагы космикалык илимий изилдөө борборун түзүү,
  • Электроника, физика, оптикалык физика жана жасалма интеллект боюнча өнөр-жай изилдөөчү мейкиндигин ачуу,
  • Ирандагы алгачкы суу тегирменин электр кубатын (генератор) алүү үчүн эксплуатациялоо,
  • Мамлекеттеги түптүү илимдер лабораториясын түзүү болуп эсептелет.

Ички жана сырткы саякаттары түзөтүү

Профессор Хесаби Ирандын айыл-кыштактарын көп кыдырган. Анын Франция, Улуу Британия, Германия, Италия, Австралия, Швейцария, Дания, Швеция, Норвегия, Канада, АКШ, Россия, бардык ЧыгышЕвропа мамлекеттери, Египет, Сауд Аравия, Ливан, Сирия, Иордания, Сингапур, Аляска ж.б. өлкөлөргө болгон сапарлары анын бүткүл дүйнөнү таанып билүүгө болгон каалоо тилегин билдирип турат. Ал эми татаал теоретикалык маселелелерди чыгаруу үчүн ал бир нече дептер, бир эки карандаш жана өчүргүч колдонгон. Кээде бир эле теңдеменин үстүндө ооруп төшөктө жатканына карабай 6 ай иштеген күндөрү да болгон. Профессор Хесаби ар дайым издениа, бүткүл ою илимий изилдөө, ачылыш болгондуктан, ар кандай маселелерди чыгарууда жада калса чакыруу барактарынын чекесиндеги актай жерлерди да колдонгон. Ал илимий семинарда “Чакыруу барактардын сырткы эки бети тең актай болсо жакшы болмок” деген сөзүн тамаша катары айткан. Ал эми долбоорлодун үстүндө иштөөдө күнү түнү тыным албай күн сайын иштеген. Мисалга алсак 8 ай тыным албай шаардын түштүгүндөгү токарьга кайрылып кеңешип, мамлекетке зарыл болгон маанилүү нерселерди башка мамлекеттерден сатып албоо үчүн абдан берилүү менен эмгектенгендиктен, убактысын текке кетирбөө максатында түшкү тамакты ичпестен чай менен кичине таттуу ширин жеп гана иштеген. Ал илимий иштеринен эс алган убактыларында багбанчылык менен алектенип, керек болгон учурларда жерди күрөк менен казып, короодогу бассейнди тазалоодон да баш тарткан эмес. Даанышман өзүнүн уулдарын диний билим алуусуна жана Куранды терең түшүнүп, кырааты менен окууда көп демилге берген. Ал эми университетте жети муун мугалимдерди жана студенттерди тарбиялап, алардан мыкты адистерди чыгарган.

Акылман сөздөрү түзөтүү

  • “Жашоо – бул жаңы бир нерсени түшүнүү жана окуп үйрөнүү”, *“Прогресстин төрт фактору – бул кайраттуулук, акыйкаттык, айбыгуу жана махабат”,
  • “Бир туура аткарылган иш – миң туура кеңештен артык”,
  • “Прогресске жол – бул илимдин жана изилдөөнүн мыкты баасы, ал мугалимге, студентке жана окучууга урмат көрсөтүү аркылуу болот”, *“Чыгышты тууроо – илимий талантты тыптыйпыл кылып жок кылуучу коркунучтуу курал”

сыяктуу баа жеткис акылман учкул сөздөрү эл ичинде кеңири тараган.

Чет тилдерин үйрөнүү тажрыйбасы түзөтүү

Профессор Хесаби илим билим алууда, эс албастан тынымсыз эмгектенген. Жашоосунун акыркы 38 жыл аралыгында немис тилин үйрөнүүгө ар күнү кечинде экиден ашык саат бөлүп турган. Ошентип анын жакын досторунун бири, немис тили профессору Дорис “Сизди көрүп, билбеген адам, сиздин апаңыз немис болгон болуш керек деп божомолдошу мүмкүн” деп жазган. Доктор Махмуд Хесаби төрт француз, англис, немис, жана араб тилдеринде эркин сүйлөп, санскрит, латын, грек, авеста, түрк жана Италия тилдерин билген. Ага Франциянын эң маанилүү ордендери башкача айтканда Де-Легион д'Онор ордени (ардактуу легион) жана Легиондун ардактуу Командору медалы берилген. Ал белгилүү профессор Эйнштейндин жалгыз ирандык окуучусу болгон жана ал дүйнө жүзүндөгү Эрвин Шредингер, Пол Дирак, Нильс Бор сыяктуу белгилүү даанышмандар жана Андре Жид менен Бертранд Рассел сыяктуу белгилүү философтор менен тыгыз байланышта болгон.

Наамдары түзөтүү

1990-жылы Дүйнөлүк илимий коому тарабынан “Дүйнөнүн мыкты илимий ишкери” наамына ээ болгон жана 1987-жылы өткөн Иран физикасынын 60 жылдыгына арналган конференцияда “Иран физикасынын атасы” деп таанылган.

Жүрөк оору түзөтүү

Женева университетине караштуу Кантонал бейтапканасынын ишмеринин бири тартып алган сүрөттө, профессордун өмүрүнүн акыркы күндөрүндө анын тамагы жанында муздап турганы, анын табити эч нерсеге тартпай, доктурлар аны оорулу жүрөгүн дарылоо натыйжасыз деген чечим чыгарышат. Ошондуктан анын оң колуна жүрөктүн согушун жөнгө салып туруучу дары куюлса, сол колунан ооруну басаңдатуучу дары куюп турушкан. Эң таң калычтуусу ушундай оор акыбалда жатса да, профессор өмүрүнүн акыркы күндөрүн китеп окуп, илимий изденүүгө жумшаган. Андан да ал колуна калың китепти алып аны дыкаттык менен окууга киришкендиги таң калтырбай койбойт. Улуу даанышман, профессор 1992-жылы 3-сентябрда Женева университетинин бейтапканасында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Профессор Хесабинин музейи түзөтүү

Профессордун калтырган мурасы боюнча аны Ирандын борборундагы Тафреш шаарында жерге беришкен. Даанышмандын көзү өтүп кеткен соң анын күндөлүк дептери, өз колу менен жасаган буюмдары, грамоталары, дипломдору жана башка илимий эмгектери, медалдары, ордендери сыяктуу өздүк буюмдары жана үй-бүлөлүк сүрөттөрү ж.б. сакталган өз үйү “Профессор Хесаби атындагы музей”болуп ачылган. Бул музейде профессорго ар кандай даанышман, башкармалар тарабынан белекке тартуу кылынган живопись, каллиграфия, колго жасалган буюмдар,анын өздүк буюмдары менен бирге көргөзмөгө коюлган.

Профессор Хесабинин эскерүүлөрү түзөтүү

Профессор Хесаби физика боюнча бир нече маанилүү теорияларды түзгөн. Анын эң негизги жетишкендиги болуп “Чексиз бөлүкчөлөр теориясы” саналат. Ушунун негизинде ал бир нече Европалык окумуштуулар менен жолугушуп, алар профессор Эйнштейндин кеңсесине кайрылууну сунушташкан. Ошентип ал Пристон университетине керектүү далилдер тиркетилген кат жөнөткөн. Арадан бир нече убакыт өткөн соң жогоруда аталган университетке чакыруу кат алып, Эйнштейндин жардамчысы менен жолугууга мүмкүнчүлүк алган. Профессор Штраус менен болгон жолугушуудан кийин, ага Эйнштейндин өзү менен жекеме жеке жолугаарын жана өзүнүн теориясын улуу даанышманга көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алганы жөнүндө билдиришкен. Төбөсү көккө жеткен профессор Хесаби Улуу даанышман Эйншейтн менен жолугушун мындайча сүрөттөйт. “Улуу физик Алберт Эйнштейнди алгач көргөнүмдө, анын өтө жөнөкөй, токтоо, оор басырыктуу, кичи пейил жана ак ниет экени билинип турду. Ал мени өзүнүн кабылдама бөлмөсүндө күтүп туруптур. Мен бөлмөгө киргенимде мени жылуу кабыл алып, мени өз бөлмөсүнө алып кетти. Бөлмөгө киргенибизде Эйнштейн өзүнүн иш ордуна отурбастан, бөлмөдөгү жумшак эмерекке менин жаныма отурду. Мен өзүмдүн “Чексиз бөлүкчөлөр теориямды түшүндүргөн соң, менин жазгандарымды карап чыгып бир айдан кийин дагы бир жолугушаарыбызды айтты. Ошентип бир ай өткөн соң мен Эйншетйнге кайрылганымда, ал: “Мен физика тармагында тажрыйбалуу адам катары, Сиздин теорияңыз жакынкы келечекте физикага айланат деп чечкиндүү айта алам” деди. Мен уккан кулагыма ишене албай кубанычтан сүйлөй албай апкаарып турдум. Менин ишим дагы да тереңирээк изилдөөрөлөрдү жана жакшыртууну талап кылаарын айтып, ишимдин үстүндө дагы тереңирээк изилдөөмдү сунуш кылды да өзүнүн жардамчысына керектүү мүмкүнчүлүктөрдүн баарын менин ыктыярыма коюп берүүнү буюрду. Ошентип улуу физиктин жардамчысы аркылуу Чикаго университетинин оптика лабораториясына Энштейндин атынан кат жөнөтүү аркылуу мага керектүү нерселердин баарын менин ыктыярыма ала алдым. Университеттин жатаканасынан кадимки эле мейманкананын шарттары менен түзүлгөн бир бөлмө бөлүм беришти. Ошентип, лабораторияда иштеп баштаган алгачкы күнү, буюмдарымды жайгаштырып жатып, бир нече кол коюлган актай чектерди байкадым. Бирок, ал чектерди менин кутучама бироо байкабай унутуп кеткен го деп ойлодум. Ошол замат лабораториянын мүдүрүнө алып барып көргөздүм да, иштин чогу жайын түшүндүрдүм. Бирок ал бул чектерди эч ким унутпаганын, алар мага таандык экенин жана аларды илимий изилдөө иштеримди жүргүзүүдө зарыл болгон нерселерге жумшоо керек экенимди айтты. Анын айтуусу боюнча лабораторияга келген бардык илимпоздорго мындай шарт түзүлүп берилет экен. Ошентип бир кыйла изилдөөлөр жана эмгектен кийин өзүмдүн теориямдын аягына чейин жасап, аны жактоо үчүн арыз катымды Пристон университетине жөнөттүм. Көп убакыт өтпөй теориямды жактоочу кун да келди. Жактоочу залга киргенимде улуу физик Эйнштейди көрүп бир чети таң калсам, бир чети сүйүнүчүм койнума батпай турду. Мен залга кирип келгенимде Эйнштейн жана анын артынан көптөгөн даанышман илимпоздордун тура калып кол чабышты. Ошол маалда мен болуп көрбөгөндөй толкунданып турдум. Улуу физик Эйнштейндин жанында бир нече убакыт отуруп, андан соң жактоо ишин бат баттан түшүндүрүп баштадым. Ошондо Эйнштейн мени өзүнө чакырып, эмнеге мынча шашкалактаганымды сурады, мен “Сиздин убактыңызды жана башка илимпоздордун убактысын жөндөн жөн алгым келбейт” деп жооп бердим. Ал өтө мээримдүүлүк менен “Жок, шашып кереги жок, Сиз азыр профессор Хесабисиз, а биз болсо Сиздин студенттериңизбиз жана биздин убактыбыз толугу менен Сиздин ыктыярыңызда” деп жооп берди. Бул жактоо заседаниеси мен үчүн жашоодогу эң эле жагымдуу эсте калаарлык эскерүү болуп калды. Өзүнүн улуу физик жана өтө бийик даражада турганына карабай мени “өзүнүн мугалими” деп айткан жана мен өзүмдүн теориямды эң улуу даанышман, физик Алберт Эйнштейндин алдында жактадым. Муну менен мен адамдын канчалык илимдүү-билимдүү болсо ошончолук ийкемдүү болооруна ынанып, жашоодо эң маанилүү сабак алдым. Ошентип илимий ишимди мыкты жактаган соң улуу даанышман Эйнштейн өзү менен кошо университетте иштеп калып, Пристондук университетте өзүмдүн илимий ишимди улантуумду сунуштады” деп жылмайуу менен эскерет профессор Хесаби.

Булактар түзөтүү

  • Continuous Particles
  • Theoretical Evidence for the Existence of a Light-Charged Particle of Mass Greater than That of the Electron
  • Modèle de particule infinie
  • Theory of Infinitely Extended Particles
  • Seyed Mahmoud Hessaby. «Theory of Infinitely Extended Particles».
  • «ḤESĀBI, MAḤMUD». ایرانیکا. «منبع داده شده (Ḥesābi, 2000, p. 8) است و نوشته شده‌است: For an account of his life and work, as well as a selection of his writings and a complete bibliography of his works, see Maḥmud Ḥesābi, Rāh-e mā, goftārhāʾi az Sayyed Maḥmud Ḥesābi, Tehran, 2000 (however, the foundation of a number of institutions attributed to Ḥesābi in pp. 6-8 and 187-90, should be checked against other reliable sources and documents).»
  • http://www.newworldencyclopedia.org/entry/Légion_d'honneur
  • http://www.noormags.ir/view/fa/articlepage/861811
  • Encyclopædia Iranica,"ḤESĀBI, MAḤMUD"
  • Iran Chamber Society
  • https://fa.wikipedia.org/wiki/%D9%85%D8%AD%D9%85%D9%88%D8%AF_%D8%AD%D8%B3%D8%A7%D8%A8%DB%8C

Адабият, искусство