Психогигиенамедицинанын киши психикасына айлана-чөйрөнүн тийгизген таасирин изилдөөчү, психиканы сактоо жана чындоо, психикалык оорулардын алдын алуу чараларын иштеп чыгаруучу бөлүмү.

Эс алуу

Милдеттери түзөтүү

Психогигиенанын негизги милдети — адамдын нерв системасынын иштешине зарыл шарттарды түзүү, турмуш жана эмгек шарттарын жакшыртуу, ошондой эле айлана-чөйрөнүн адамдын аң-сезимине терс таасир этүүчү факторлоруна туруктуулукту жогорулатуу менен адамдын психикалык саламаттыгын сактоо жана алдын алуу. Ал психиканы чыңдоонун шартын изилдейт, психиканы сактоочу жүрүм-турум эрежелерин иштеп чыгат. Психиканын чың болушу — маанайды бир калыпта сактоо менен өзүн кармай билүү, түрдүү кыйын абалга туруштук берип, аны жеңип чыгуу, көңүлдөгү кыжаалаттыкты тез арада жөнгө салуу. Психиканын бузулушун психикалык оорулар менен чаташтырууга болбойт. Мындай бузулуулар адатта убактылуу болуп, өтүп кетет жана дени сак адамдарда байкалат.

Адамдын жашоо түрүнүн таасири түзөтүү

Турмуш шартынын дайыма өзгөрүп турушу, айрыкча 20-кылымдагы техникалык революция адамга өтө чоң таасир тийгизүүдө. Адам катуу ызы-чуудан туталанып, уйкусу бузулушу мүмкүн. Ошондуктан мамлекет жана коомчулук көчөдөгү, иштеги, үйдөгү ызы-чууга каршы күрөшүүгө тийиш. Телекөрсөтүүлөрдү узак карап отуруу, чоң ылдамдык менен жол жүрүү да адамды чарчатат. Мындай чарчап-чаалыгуудан арылуу үчүн кызматтан тышкары убакытты мүмкүн болушунча тынчтыкта өткөрүүгө аракеттенүү зарыл: кечкисин паркта сейилдеп, телекөрсөтүү, радио берүүлөрдү угуп-көрүүнү азайтуу, дем алыш күндөрдө табиятта эс алуу (Эс алуу) максатка ылайык.

Адамдардын бир-бири менен карым-катышы түзөтүү

Адамдардын бир-бири менен карым-катышындагы оор психикалык реакциялар психогигиенанын олуттуу маселелеринен болуп саналат. Тескери эмоциялар үйдө да, иште да пайда болушу ыктымал. Айланадагы адамдын жүрүм-туруму, маанайы да психикага чоң таасир этет (жайдары адам маанайды көтөрөт; түнт, каардуу адам — көңүлдү чөктүрөт). Бир гана жаман сөз, акыйкатсыздык терс эмоцияны туудурат. Үй-бүлөдөгү чыр-чатактар да психиканы бузат. Бири-бирин сыйлабоо, түшүнбөөчүлүк, аракечтик ынтымакты кетирип, мындан айрыкча балдар жапа чегишет. Мындай үй-бүлөдөн психикалык оорулуу балдар көп төрөлөт.

Психикалык функцияны тарбиялоо түзөтүү

Психикалык функцияны тарбиялоо, инсандын ар тараптан өнүгүшү бала кезинен башталат. Боорукердик, сезимталдык, адамгерчилик, оорулууга жана алсыз адамга жардам берүүгө умтулуу, бирөөлөрдүн жакшылыгын унутпоо, жөнөкөйлүк — бул эмоциялык да, адептик да тарбиянын натыйжасы. Чыдамкайлык, сабырдуулук, тартиптүүлүк, өз жүрүм-турумуна баа бере билүү, алдыга койгон максатына умтулуу — бул эрктүүлүккө жана адепке тарбиялоодон келип чыгат. Акыл-эсин өстүрүүдө, аны машыктырууга да жогорку интеллект жана эрктүүлүк зарыл. Бала чоңойгон сайын ага айланасын- дагы чоңдор азыраак көңүл буруп, түздөн-түз буйрук берүү азаят. Бул кезде адам өзүн-өзү тарбиялоого өтөт, анын ийгилиги адамдын мүнөзүнүн негизи болуп калат. Туура тарбия алган адам терс эмоцияларын жашырууга аракет кылат. Өзүмчүлдүк, ач көздүк, дүнүйө кордук, мансапкордук ага жат, алар камкор, боорукер келишет. Өз мүмкүнчүлүгүн жана жүрүм-турумун туура баалай билген адам негизсиз, майда кайгы- кападан, кыжаалаттыктан алыс болот. Эмгекти сүйүү, ак ниеттүүлүк жана тырышчаактыктан адам өз максатына же- тип, канааттануу табат. Кайраттуулук, сабырдуулук, өзүн-өзү кармай билүү адамга жашоодо кездешүүчү ар кандай кыйынчылыкты жеңүүгө көмөктөшөт. Өзүн-өзү сыйлаган ар бир адам чыр- чатактан алыс болуп, алыс басууга аракет кылат. Бул сапаттардын бардыгы адамдын ажарын ачып, коомго керектүү, эл арасында кадыр-барктуу даражага жеткирет.

Никенин гигиенасы жана жыныстык тарбия түзөтүү

Психогигиена никенин гигиенасына жана жыныстык тарбияга да түздөн-түз байланышат. Бактылуу нике, бири-бирин жактырып баш кошуу, сыйлашуу психогигиенанын негизги бөлүктөрүнөн болуп саналат.

Баш сөздүн тексти түзөтүү

Психогигиена нормаларын сактай билүү — психикалык гана эмес, адамдын бүтүндөй саламаттыгын сактоого зарыл шарт. Ал психиканын бузулушунан (невроздор), чарчап-чаалыгуудан, эрте картаюудан сактайт. Эгер адамдын мээси күч келтирүүчү жана уулантуучу таасирлерге дуушар болсо психогигиена жөнүндө сөз кылуунун да кереги жок. Алкоголго берилүү, психиканы жөнгө салуучу каражаттарды баш аламан ичүү уйкуну бузуп, иштөө жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт.

Акыл эмгеги түзөтүү

Психогигиенада акыл эмгегинин психогигиенасы маанилүү орунда; ал акыл эмгегинин гигиенасы жана окутуу психогигиенасы болуп бөлүнөт. Окутуу психогигиенасы психикалык жана кара күч эмгегинин гармониялык айкалышынын үлгүсү болуп саналат. Окутуу процессиндеги ашкере кыйынчылык психикага терс таасир этет, андан адамдын интеллектине, эркине, эмоциясына, ошондой эле көрүү жана угуу органдарына күч келет. Дайыма олтуруп иштөөдөн айрым булчуңдар гана кыймылдап, башка органдар тынч абалда болот. Мында денеде кычкылтектин жетишсиздиги келип чыгат. Ошондуктан окутуу акырындап көнүктүрүү жолу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Бала канчалык жаш болсо анын көңүл буруусу ошончолук начар болот. Бала көп кыймылдайт, дайыма бир нерсеге алагды болуп турат. Мугалим менен ата- эне баланын бул өзгөчөлүгүн эске алып, ага мезгили менен ойноп алууга мүмкүн- дүк берүүсү зарыл.

Мажбурлап иштөө түзөтүү

Өзүн мажбурлап иштөөдөн адам чарчап, психикасы бузулат. Эгер адам өз мүмкүнчүлүгүнөн ашык иш аткарса, эгер бала ата-эненин оор талаптарына дуушар болсо, ал жакшы натыйжа бербейт. Анда адамда өз күчүнө ишенбөөчүлүк, үрөйү учуу, сабырсыздык пайда болот, кежирлик, ичи тардык, ачуулуу мүнөз калыптанат. Мындай адамдар өз максатына жетүү үчүн ар кандай жүзү каралыкка барышат. Эгер адамдын психикалык нормасын сактоо менен окутса же иштетсе, ал ден соолугу чың, ак ниет, чынчыл бойдон калмак.

Эс алуу түзөтүү

Адам эс алуу мезгилинде күнүмдүк иштерден бошоп, күчүн калыбына келтириш керек. Албетте ар кимдин иши ар түрдүү болгондуктан эс алуу адамдын өз кызыкчылыгын гана эмес, врачтын кеңешин да эске алуу менен уюштурулууга тийиш. Ошентсе да айрым жалпы сунуштарды берүүгө болот. Шаардыктар шаардын сыртына чыгып, мүмкүн болушунча тынчтыкта эс алганы пайдалуу, бирок кыймыл сөзсүз керек. Айрым адамдар «эркин» эс алууну ашыкча көңүл ачуу деп түшүнүшөт. Мындай көңүл ачуу ичкилик менен коштолуп, андан ден соолук албетте бузулат. Ошондуктан өмүр бою, зарыл учурларда врачтын кеңешин эске алып психогигиена эрежелерин дайыма, акыл-эстүүлүк менен так сактоо адамдын психикасынын жакшы сакталышына шарт түзөт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8