Пуантилизм (французча point – чекит менен тагуу), 1) музыкада – 20-кылымдагы музыкалык чыгарма жаратуу типтеринин бири. Чыгарманын обондук өзөгү болгон жеке добуш – «чекиттер» аркылуу жаралат. А. Веберндин, ошондой эле кийинки авангардга ыктаган П. Булез, К. Штокхаузен ж. б. композиторлордун чыгармаларында жолугат; 2) живописте – туура формадагы майда сүртүмдөр менен тартуу – неоимпрессионизм кабыл алган системанын аталыштарынын бири – дивизионизм.

Колдонулган адабияттар түзөтүү