Пунук - байыркы эскимос маданияты (600-1100-ж.). Беринг деңизинин жээги менен аралдарына, Беринг кысыгына жана Колыма дарыясынан Барроу тумшугуна чейинки жээктерге тараган.

Аны 1928-ж. Пунук жана Ыйык Лаврентий аралдарында Г. Б. Коллинз ачкан. Пунук өзүнөн мурдагы байыркы беринг деңизи маданиятынын өнүккөнү, сөөк, сланец куралдар колдонуп, үй курууда кит сөөгүн пайдаланганы менен айырмаланган. Анда скульптура менен гравюра жөнөкөйлөнүп, ийри сызыктуу оймо-чийме геометриялык сызык менен алма- шылган. Тулон, морж менен катар китке аң уулоо жана кургактагы ацчылык да өнүккөн. Согуш курал-жарагы жасала баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.