Пясина – Чыгыш Сибирдин түндүк-батышындагы дарыя. Узундугу 818 км, алабынын аянты 182 миң км2. Пясино көлүнөн башталып, Түндүк Сибирь ойдуңу аркылуу агып. Төмөнкү бөлүгүндө Бырранга тоосун жарып өтүп, Кара (Карск) деңизинин Пясина булуңуна куярда эстуарийди пайда кылат. Негизги куймалары: Дудыпта (оң), Агапа (сол). орточо чыгымы 2600 м3/сек. Июндан ноябрга чейин суусу кирет. Сентябрдын аягы – октябрдын башталышынан июлга чейин тоңот. Балык кармалат. Кеме жүрөт.

Пясина
Мүнөздөмө
Узундугу 818 км
бассейндин аянты 182 000 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 17020000112116100117923
Пясина.

Колдонулган адабияттар түзөтүү