РБК - орус бизнес телеканалы. Мында Орусия Федерациясынын жана башка өлкөлөрдүн экономикалык, каржылык жана саясий жаңылыктары; аналитикалык баяндамалар, болжолдоолор жана эксперттик ой-пикирлер; белгилүү саясатчылар жана ишкерлер менен маектер; бизнес-маалымат баяндамалары; орус бизнесинин актуалдуу маселелери, орус жана эл аралык каржы рынокторундагы кырдаалдар тууралуу атайын программалар тартууланат. 2012-жылы ноябрь айынын башында Федералдык монополияга каршы кызмат "РБК"-ны федералдык деп тааныган.

Телеканалда беш жүздөн ашык киши иштейт (Александр Любимов, Игорь Виттель ж.б.) Телекомпанияда мурда банктарда жана каржылык компанияларда иштеген кырктан ашык талдоочу бар.

Көрөрмандары түзөтүү

Социологиялык изилдөөлөргө ылайык, РБК телеканалынын көрөрмандары - 6-55 жаш аралыгындагы жогорку билимдүү жана ортодон жогору кирешелүү адамдар. Бизнес жана каржылык маалыматтар биринчи кезекте жогорку жана орто-даражадагы жетекчилер, банк, инвестициялык компания, фонд, биржа, аудитордук жана консалтинг компанияларынын кызматкери, журналисттер, федералдык жана аймактык мамлекеттик мекеме жана органдардын өкүлдөрү, орусиялык ишкерлер жана башка өлкөлөрдүн топ-менежерлери, адистер жана ишкерлер, экономикалык ЖОЖдордун студенттери жана жеке инвесторлор үчүн кызыктуу.

Федералдык басма жана массалык коммуникациялар агенттигинин TNS Gallup Media компаниясынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына таянган тармактык отчетуна ылайык, телеканалдын айлык аудитория камтуусу 2014-жылы 22 706 миң кишини, 2015-жылы 20 015 миң кишини түзгөн.

Шилтемелер түзөтүү