Рабиндранат Тагор ((Робиндронатх Тхакур)7. 5. 1861, Калькутта – 7. 8. 1941, ошол эле жер) – индиялык жазуучу жана коомдук ишмер. Бенгал тилинде жазган. Чыгармалары 1875-жылдан жарыялана баштаган. «Таңкы ырлар» (1883), «Картиналар жана ырлар» (1884) аттуу китептери чыккан. «Бибих жээги» (1883), «Акылман Ража» (1885) тарыхый романдарында адилетсиздикти сынга алган. 1890-жылдары «Маноши» (1890), «Алтын ладья» (1893), «Түшүм жыйноо» (1896) өңдүү мыкты ыр жыйнактарын философиялык драма циклин жараткан. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында социалдык маселелер басымдуулук кылган «Көз ирмем» ыр жыйнагы (1900), «Бүртүк кум» (1902), «Кыйроо» (1905), «Гора» (1907–10) романдарын, «Өч алуу» драмасын жараткан. «Курмандык ырлар» деген китеби үчүн Нобель сыйлыгын алган (1913). «Каркыралардын учушу» (1914–16), «Чыгыш күүсү» (1925), «Эркин ташкын» (1928) ж. б. чыгармаларында согуш, тынчтык сыяктуу социалдык проблемаларды чагылдырган. «Чет жерде» (1938), «Жаңырып туулган» (1940), «Туулган күн» (1941) ж. б. ыр жыйнактарында дин фанатизминин коркунучу жөнүндөгү маселелерге көп кайрылган. Тагордун чыгармачылыгы бенгал адабий тилин түзүүдө, сынчыл реализмдин пайда болушуна чоң өбөлгө болгон. Ал психологиялык роман жана аңгемелерди жазуу менен проза жанрын өөрчүткөн, поэзияны жаңы стилдик табылгалар менен байыткан. Индия Республикасынын гимнин жазган; «Менин сүйүктүү Бенгалиям» деген ыры Бангладеш Эл Республикасынын гимни болуп калды. Анын живопистик, графикалык, музыкалык чыгармалары да бар. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү