Радиозонд – абанын басымын, температурасын жана абанын нымдуулугун түрдүү бийиктикте өлчөөчү жана алынган маалыматтарды радио аркылуу Жерге автоматтык түрдө берүүчү аэрологиялык аспап. Радиозонд сезгич элементтен, маалыматтарды электр сигналына айландыргычтан, код түзгүчтөн жана кыска толкундуу радиобергичтен турат. Ал атмосферага суутек толтурулган шар-зонд менен бирге бийиктикке көтөрүлүп, 150–200 км аралыкта абаны вертикалдык чалгындоодо колдонулат. Биринчи радилзондду орус окумуштуусу П. А. Молчанов 1930-жылы түзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү