Радионавигация - координаталары белгилүү кыймылсыз чекиттен же кыймылдуу объектинин өзүнөн радиотехникалык каражаттардын жардамы менен кыймылдагы башка объектинин мейкиндиктеги координатасын, кыймыл багытын, ылдамдыгын жана курсун аныктоо.

Радиотехниканы навигация үчүн колдонуу идеясы орус окумуштуусу А. С. Поповго таандык. Ал 1897-ж. радио бергич аппаратты радио маякта колдонууну сунуш кылып, радио толкундардын таралуу багытын антеннанын жардамы менен аныктоого боло тургандыгын көрсөткөн. Радионавигацияда объектинин ордун аныктоо үчүн негизинен багытты аныктоо жана аралыкты аныктоо деген принцип колдонулат.

Радионавигациянын пайда болушу, өсүп өнүгүшү деңиз кемелеринин сүзүшүндө жана аба байланыш жолдорун пайдаланууда коопсуздукту камсыз кылууну жана аларды жөнгө салууну камсыз кылуу максатынан келип чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.