Ратуша (немецче Rathaus) – Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндөгү шаарды башкаруу органы; ошол орган жайгашкан имарат. Ратуша шаардын башкы аянтына курулуп, 2-кабатына кеңешме залы жана шаардыктарга кайрылуу үчүн балкон жайгаштырылат. Ратуша шаардын өзүнчөлүгү менен жана саясий эркиндигинин символу катары эсептелет. Бельгия, Нидерланд, Германия, Италия, Польша, Латвия, Литва, Эстония ж. б. өлкөлөрдө 13–17-кылымдагы ратушалар сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү