Реалдуулук (лат. realis–анык, материалдык) – учурдагы чыныгы абал, кырдаал, кандайдыр бир күчтөрдүн өз ара салмагын баамдап чечим кабыл алуу үчүн саясат же күнүмдүк турмушта колдонулгон линия, саясий-социалдык процесс, жана башка көрүнүштөргө карата мамиле. Реалдуулук тигил же бул саясий багытты аныктоодо позитивизм жана прагматизмге таянып, объективдүү, субъективдүү шарттарды эске алуу менен негизги массанын суроо-талабын биринчи орунга коёт.