Резонатор (латынча resono – жооп берем, үн чыгарам) – резонанс кубулушун пайда кылуучу система (же нерсе). Резонатор акустикалык (керилген кыл, камертон, мембрана, аба мамычасы ж. б.), электрдик (термелме контур, көлөмдүк резонатор). кварц резонатору болуп бөлүнөт. Көпчүлүк учурда резонатор өзүнүн термелүү жыштыгына жакын гармониялык таасирге жооп берет. Серпилгич термелүүлөрдүн резонатору – музыкалык аспаптардын кылдары, стержендер, камертондун буттары, мембраналар ж. б. Ал эми электр-магниттик термелүүлөрдүн резонатору – өткөргүч тосмо менен чектелген көңдөйчө (көлөмдүк резонатор), күзгүлөр системасы (оптикалык резонатор).

Колдонулган адабияттар түзөтүү