Рейн – Батыш Европадагы дарыя, негизинен Германияда. узундугу 1320 (айрым маалыматтарда 1230) км, алабынын аянты 224,4 миң км2. Швейцария Альп тоолорунан башталып, Боден көлү жана Жогорку Рейн ойдуңу, Рейн Сланецтүү тоосундагы кууш өрөөн аркылуу агып өтүп, Орто Европа түздүгүнө чыгат; анда дарыя нугунун көп жери дамба менен тосулган. Түндүк деңизге куярда дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Ааре, Мозель, Маас, Неккар, Майн, Рур. Жыл бою суусу мол, орточо чыгымы 2500 м3/секдяй, жогорку агымына чейин кеме жүрөт. Кышкысын тоңбойт. Рейн – Батыш Европадагы маанилүү транспорт магистралы (күнүнө 650–700 кеме өтөт). Рейн Рона, Марна, Везер, Эльба, Эмс дарыясы менен каналдар аркылуу туташат. Боюнда Базель (Швейцария), Страсбург (Франция), Мангейм, Кобленц, Бонн, Кёльн, Дуйсбург (Германия), Роттердам ш. (Нидерланд) жайгашкан. 1986-жылы Рейнде Европадагы ири экологиялык апаат («Сандос» химиялык заводунда өрт чыккан) болуп өткөн. Анын натыйжасында дарыяга 30 тонна пестицид, сымап ж. б. химикаттар төгүлгөн. 10 күн бою дарыя кызыл түскө боёлгон. Суу агып, Түндүк деңизге чейин жетип, суудагы көптөгөн балыктар кырылып, айрымдары тукум курут болушкан.

Рейн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү