Рейн университети Ф. Вильгельм атындагы

Рейн университети Ф. Вильгельм атындагыГерманиянын Бонн шаарында жайгашкан ири окуу жайлардын бири. 1818-жылы Ф. Вильгельм тарабынан негизделген. Окуу планы эл аралык жогорку деңгээлдеги программада түзүлгөн. Окутуу немец, англис жана француз тилдеринде жүргүзүлөт. 130дан ашык мамлекеттен келген студенттердин саны 6 миңге жетет (2014). Тарых, философия, медицина, химия, математика, техника, экономика, социология ж. б. бир нече тармактык факультеттери бар жана ар бир багыт боюнча институт жана борборлор ачылган. A. В. Шлегель, Э. М. Арндт, К. Аденауэр, М. Эрнст, И. П. Геббельс, Г. Гейне, К. Маркс ж. б. дүйнөлүк белгилүү инсандар ушул Рейн университетинен билим алышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү