Реостат (гр. rheos - агым жана states - кыймылсыз) - Электр тизмегиндеги токту же чыңалууну жөнгө салуучу (көбөйтүүчү, азайтуучу) же алардын чоңдугун чектөөчү электр аппараты. Реостаттын негизги бөлүгү - электр каршылыгы өзгөрмө ток өткөрүүчү элемент. Реостат электр тизмегине жарыш жана удаалаш туташтырылат. Ток күчүн же чьщалууну азыраак өзгөртүүдө Реостат тизмекке удаалаш туташтырылат. Ошондуктан ал электр машиналарында жүргүзгүч ток чойдугун чектөө үчүн колдонулат. Реостатты электр тизмегине жарыш туташтырганда ток күчү жана чьңалуу көп өзгөрөт. Ток күчүн жана чыңалууну кеңири диапазондожөнгө салуу үчүн Реостат потенциометри туташтырылат. диапазондо (нөлдөн максимум мааниге чейин) жөнгө салуу үчүн Реостат потенциометри туташтырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.