Репарация (лат. reparatio - калыбына келтирүү) - ДНКнын адаттагы биосинтезинде, ошондой эле физ. жана хим. агенттердин таасири астында бузулган клеткадагы ДНКнын табигый (нативдик) түзүлүшүнүн калыбына келүү процесси, бардык организмдердин клеткаларына мүнөздүү. Клетканын өзгөчө ферменттик системалары аркылуу жүзөгө ашырылат. Ультракызгылт жана иондоштуруучу нурлануулардын таасири астында өзгөрүлгөн бактерияларда ДНКнын Р-сы көбүрөөк изилденген. Адатта, Р. үч негизги механизмден турат: фоторепарация (фотореактивациялоо), эксцизиондук жана пострепликациялык Р. Фоторепарация - ДНКда ультракызгылт нурлануунун таасири астында келип чыгуучу, циклобутандык димерлердин жарык менен активдешүүчү дезоксирибопиримидинфотолиаза ферменти аркылуу ажыратылышы. Эксцизиондук Р. - интакттык тизмектин калыбы боюнча ДНКнын ажырашында (ресинтезинде) ДНКнын өзгөрүүлөрүн, өзгөргөн бөлүктөрүнүн кесиндилерин (эксцизиялар) тааныйт жана ДНКнын тизмегинин үзгүлтүксүздүгүн калыбына келтирет. Эксцизиондук Р. ДНКда анын рекомбинациясына чейин келип чыккан бардык өзгөрүүлөрдү четтете албай калганда репликациядан кийинки Р. башталат. Мында өзгөргөн, бир жипчеси жетишпеген молекулалар калыбына келет, ал эми ДНКнын табигый (нативдик) түзүлүшү рекомбинациянын этаптарында калыбына келет.

Репарация.

Р-нын ферменттери редупликацияда жана рекомбинацияда, ошондой эле мутациялык процесстерде катышышат. Мутациялык процесстерде клеткада өзгөрүүлөргө ыңгайлуу өзгөчө типтеги (индуцибелдик) Р. аракетке келет. Натыйжада ДНКнын табигый (нативдик) түзүлүш калыбына келет, бирок андагы генетикалык маалымат бурмаланып калат. Р-нын процессине тоскоолодук кылуучу мутациялар көбүнчө мутациялык процесстин жыштыгынын көбөйүшүнө же азайышына алып келет. Тукум куума оорулардын бир тобу Р. системасындагы кемчиликтер менен байланыштуу. Кемчиликтүү Р-лар жана өзгөртүүчү агенттерге эң эле сезгич бактериялардын жана ачыткычтардын штаммдары генетикалык Токсикол-да көрсөткүчтөр катары колдонулат.

Рабиобиол-да Р. иондоштуруучу жана ультракызгылткөк нурланууларынын таасири аркылуу өзгөргөн биологиялык объекттердин калыбына келишин түшүндүрөт. Көп клеткалуу организмдерде Р. - нурлануунун таасири астында өзгөргөн органдардын жана ткандардын калыбына келиши.

Колдонулган адабияттар түзөтүү