Ретроспекция (латынча retrospecio – каяша, каршы) – «өткөнгө кылчаюу», каармандардын өткөн өмүрүнө, мурда башынан кечирген окуяларга кайрылуу, качандыр бир болуп бүткөндөрдү кайра баштан эстеп, обзор берүү ыкмасы. Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында Казангаптын сөөгүн көрүстөнгө алып бара жатып, ошол кишинин тагдыры, анын мамилелери, адамдык сапаты тууралуу Эдигейдин ой жүгүртүүсү ретроспекция болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү