Риазуддин (англ. Riazuddin, ошондой эле Риаз-Уддин, урду тилинде: رياضالدين;‎ 1930-жылы 10-ноябрь – 2013-жылы 9-сентябрь) – элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасы жана өзөктүк физика жаатында илимий иштерин жүргүзгөн белгилүү жана көрүнүктүү пакистандык физик-теоретиги. Риазуддин Пакистандын эң мыкты окумуштуусу, ал Пакистанда жана чет мамлекеттерде кеңири таанымал. 1958-жылы илимий изилдөөлөрүн баштаган Риазуддин Пакистанда өзөктүк куралдарынын өнүгүүсүнө жана атомдук кармап туруулардын өнүгүүсүнүн алгачкы пионерлерлеринин бири жана ардактуу окумуштуу катары эсептелет. 1974-1984-жылдар арасы Риазуддин Pakistan Atomic Energy Commission (PAEC) комиссиясынын Теориялык физика тобунун башчысы болгон. Риазуддин физика жаатындагы "Нобель" сыйлыгынын ээси Абдус Саламдын жалгыз окуучусу болгон.

Риазуддин.

Риазуддин эл аралык жана алдыңкы катардагы изилдөөлөрүн Теориялык физиканын эл аралык борборунда, Pakistan Atomic Energy Commission (PAEC) коммиссиясында, Өзөктүк изилдөөлөр боюнча европалык уюмунда жана Дарсбери лабораториясында өткөзгөн, ошол илимий нституттарда окумуштуу математика жана физика жаатындагы маанилүү макалаларын жарыкка чыгарган. Окумуштуу Пакистандагы билим берүү системасында маанилүү роль ойногон, ошондой эле ал Пакистандын илимий жактан өсүүшүнө жардам берген. Риазаддин кванта мезаника жана элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасы жөнүндө бир канча китеп жазган. Кийинчирээк окумуштуу Илим жана технология улуттук университетине теориялык физика илими боюнча атайын чакырылган профессор катары кошулган. 2004-жылдан өлүмөнө чейин окумуштуу Pakistan Institute of Engineering and Applied Sciences (PIEAS) институтунун башкаруучулар кеңешинин мүчөсү болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү