Рио-Колорадо (исп. Río Colorado) – Аргентинадагы дарыя. Патагониянын түндүгүндө. Узундугу 1200 кмден ашык, алабынын аянты 350 миң км2дей. Рио-Гранде жана Барранкас дарыясынын кошулушунан түзүлөт. Кургакчыл Патагония аймагында терең өрөөн боюнча агып, Атлантика океанынын Баия-Бланка булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Орточо чыгымы 140 м3/сек. Чатынан 320 кмге чейин кеме жүрөт.

Рио-Колорадо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү