"Роза гүлүнүн аты" (итал. Il nome della rosa [il ˈnoːme della ˈrɔːza]; англ. The Name of the Rose) — 1980-жылы жарыкка чыккан италиялык жазуучу Умберто Эконун эң биринчи романы. 1327-жылы Италия кечилканасында орун алган тарыхый өлтүрүүлөрдүн сыры жөнүндөгү роман. Бул роман көркөм чыгармадагы, библиялык анализдеги, орто кылымдын изилдөөсүнүн жана адабий теориясындагы белгилерди бириктирген интеллектуалдуу табышмак. 1983-жылы Уильям Уивер чыгарманы англис тилине которгон.

Сюжети түзөтүү

Уильям Баскервилль жана жаңыдан кечилканага келген анын жанындагы жаш жолдошу Адсо Мельк экөө өлүм окуялардын себептерин изилдешет. Алардын келээри менен кечилканада өз жанын кыюу кырсык окуясы орун алат. Окуянын уланышы менен бирге бир канча монах табышмактуу шарттарда каза тапкан болот. Кечилкананын башчысы Уильямга өлүмдөрдүн себептерин үйрөнүүгө тапшырма берет, ал эми ар бир жаңы өлтүрүү Уильямди аргасыз абалга такап, жаңы жандырмактарга туш кылат. Баш каармандар орто кылымдагы китепкананын лабиринтин изилдеп, күлкүнүн кыйратуучу күчүн талкулап, инквизиция, вальденстер жана 12-кылымда башталган ересь агымы менен беттешишет. Уильямдын ынтызарлануусуу, логикасы жана тез жыйынтыктарды чыгаруусу кечилкананын табышмактарын чечүүдө ага жардам берет.

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү