Роки-Маунтин улуттук паркы

Роки-Маунтин улуттук паркы - АКШнын Колорадо штатында жайгашкан. Аянты 107 миң га. Деңиз деңгээлинен 2300-4300 м бийиктикте. Ал 1915-ж. уюштурулуп, Аскалуу тоолордун борбордук бөлүгүнүн ландшафты коргоого алынган. Парк аркылуу Колорадо дарыясы агып өтөт. Токойлор жыштагы Too жолунун узундугу 578 км. Паркта 150дөй көл, агын суулар жана дарыялар бар. Бийиктиги 3700 мден жогору келген 60 чоку орун алган. Too беттерин альп шалбаасы жана дугласия, мырза карагай, көк карагай, ийне жалбырактуу токой ээлейт. Флорасында 700дөн ашык түтүкчөлүү татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөр өсөт. Фаунасы омурткалуу жаныбарларга (анын ичинде 200 канаттуу, гризли аюусу, кара куйрук вапити бугусу, аркар, карышкыр, пума ж. б.) бай. Жыл бою эс алуучуларды кабыл алуучу базалар иштейт. Туризм өнүккөн. Биосфералык резерват.

Роки-Маунтин улуттук паркы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү