Рок-опера – рок-музыканын көркөм каражаттарынын негизинде жаратылган музыкалык драма жанры. 1960-жылдары АКШ менен Англияда калыптанган. Башаты – мюзикл. Алгачкы Рок-операга Г. Макдерматтын «Чачтар» (1967), Т. Линдин «Аман калуу» (1969), Э. Уэббердин «ИисусХристос – жарык жылдыз» (1971) ж. б. кирет. Рок-операда толук бүткөрүлгөн жеке номерлер, ариялар, монологдор, хорлор болот. Бий эпизоддору, жарыкты жана добушту пайдалануу көндүмдөрү ж. б. каражаттар пайдаланылат. Рок-операда ырчыларды коштоодо классикалык оркестр, рок-ансамбль колдонулат. Рок-операны аткаруу ыкмасы өтө курч, өжөр мүнөздө. Анын интонациялык негизин рок-музыка жанрлары түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү