Ромм Михаил Ильич [11 (24). 1. 1901, Россия империясы, Иркутск шаары – 1. 11. 1971, СССР, Москва] – советтик кинорежиссёр жана сценарист, педагог, СССРдин эл артисти (1950). Жогорку көркөм-техникалык институттун скульптура факультетин (1925) бүткөн. Сценарист, режиссёрго ассистент болуп иштеген. Алгачкы (үнсүз) фильмдери: «Болпоч аял» (1934), «Он үч» (1937). Ромм «Ленин Октябрда» (1937) жана «Ленин 1918-жылда» (1939, В. И. Лениндин ролунда Б. В. Щукин) тарыхый революциялык киноэпопеялары менен советтик кино классикасына зор салым кошкон. Кийин «Тилек» (1943), «Орус маселеси» (1950), «Адмирал Ушаков», «Кемелер сепилге чабуул коёт» (1953), «Жылдын тогуз күнү» (1962) фильмдерин, «Кадыресе фашизм» (1966) даректүү фильмин койгон. Роммдун фильмдери көптөгөн Эл аралык кинофестивалдарда байгелер алган. ВГИКте (1958) сабак берген. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941, 1946, 1948, 1949, 1951). Эки Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмг.: Беседы о кинорежиссуре. М., 1975.

Колдонулган адабияттар түзөтүү